Журналист Эрнис Кыязов: "Баары мыйзам чегинде болушу керек, милиция мыйзамды аттап чектен ашса чара көрүлүшү керек"

17-январда "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп, анда өз ишин аткарып жүргөн "Некст ТВ" каналынын журналистин милиция кызматкерлери күчкө салып кармап кетишкен. Ал прессадан экендигин бир нече жолу кайталаган. 18-январда "Супер-Инфо" гезитинин, SUPER.KG порталынын жана SUPER TV'нын журналисттери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдына акцияга чыгышты.

SUPER.KG порталынын "Кечээ милиция кызматкерлери журналистке өз милдетин аткарууга тоскоолдук жаратып, анын эркиндигин мыйзамсыз чектеди. Бул боюнча кандай чара көрүлүшү керек?" деген соболуна журналист Эрнис Кыязов жооп берди.

Ал ар кандай маселени бир беткей эмес, кемчилигин да, керкисин да кошо кароо керек экенин айтты.

"Митингди баштан-аяк түз эфирде социалдык түйүндөр, сайттар, башка ар кыл маалымат каражаттары аркылуу чагылдырып турган журналисттер болду. Ошол эле учурда митингге келгендердин кимиси журналист, кимиси активист жаран экенин сураштырып, териштирип отурбай автобуска сүйрөгөн милициялар - бул эми башка кеп. Баары мыйзам чегинде болушу керек. Милиция мыйзамды аттап чектен аштыбы, ага далил барбы, мыйзамда эмне деп жазылып турса так ошол өңүттө чара көрүлүшү зарыл. Эгер журналист чегинен ашып, мыйзамды тепселедиби, ага далил барбы, болсо мыйзам чийини менен чара колдонулууга тийиш.

Мени кубантканы - Кыргыз мамлекетинде улам бир келген бийлик “өтүгүн каалагандай төргө иле бербей” элдин реакциясы менен эсептешип, маалымат каражаттарындагы, сайттардагы, соцтармактардагы уу-дуу сөздөргө өтө маани бере баштады, шибегени капка ката албаган сыңары купуя, кыңыр иштер акыр түбү билинип элге ачыкталарын сезе башташты", - дейт Кыязов.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Азиза Абдирасулова, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, журналисттер Эрнис Кыязов, Турат Акимов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан