Бүгүн, 20-июлда "Мейкин Азия" фестивалынын жыйынтыктоочу бөлүгүнө президент Алмазбек Атамбаевдин келиши күтүлүүдө
19-июлда Чолпон-Атада "Мейкин Азия" эл аралык фестивалынын 2-күнү өттү. Бул күнү катышуучулар эркин темада дүйнөлүк хит ырларды аткарышты. Ал эми фестивалга конок катары ырчылар Мирбек Атабеков, Омар жана Кыз-Бурак тобу келип өнөрлөрүн тартуулашты. Кечеге келет деп күтүлүп жаткан казакстандык ырчы Кайрат Нуртас белгилүү себептерден улам келбей калды. Бүгүн, 20-июлда фестиваль жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталат. Иш-чаранын акыркы күнүнө өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин да келиши күтүлүүдө.