Бриллиант эриндер "Гиннесстин рекорддор китебине" киргендиги айтылууда

Австралиялык модель Чарли Октавиянын бриллиант эриндери "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалым болгондой, бул дүйнөдөгү эң кымбат эрин макияжы болмокчу. Австралиядагы Rosendorff зер-буюм компаниясынын 50 жылдыгына карата, Перт шаарында Клэр Мак аттуу визажист 23 караттан турган 126 бриллиант таштардын дизайнын жана аны чаптоо процессин иш жүзүнө ашырган.

Сулуулук курмандыкты талап кылат дегендей эле, бриллианттарды эринге чаптоо 2 жарым саат убакытты талап кылган. Алгач, Клэр Мак кара помаданы коюп, андан соң кирпик чаптоого арналган желим менен таштарды жабыштырып чыккан. Мындай өзгөчө макияждын баасы 550 миң долларды чапчыган.

Ал эми визажист ишин соңуна чыккычакты полиция кызматкери көзөмөлдөп турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kylychisa
2019-01-18 18:17:37
гинестин да баркы кете баштады....
+7
zhykyo
2019-01-18 18:38:33
Оозунан ообом дегендер кобойот экен да
+3
Sizge.kat
2019-01-18 18:41:09
Бир особнякты оозуна чаптап алыптыр да
+5
Aiymkunumjyldyzym
2019-01-18 18:48:19
Obu joktuk,
+3
Sprite
2019-01-18 18:50:52
Бироого кор,бироого зар дуйно
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан