Microsoft`тун негиздөөчүсү, миллиардер жана филантроп Билл Гейтстин тез тамактануучу жайда кезек күтүп турган сүрөтү социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, миллиардердин сүрөтүн Microsoft`тун мурдагы кызматкери Майк Галос жарыялаган.
Ал сүрөттүн алдына: "Чыныгы бай адам өзүн ушундай алып жүрөт, жөнөкөй болот. Ак Үйдөгү алтын отургучту эңсебейт", - деген билдирүүсүн калтырган.
Эки колун чөнтөгүнө салып, кезек күтүп турган Билл Гейтстин сүрөтүн 13 миңден ашуун колдонуучу бөлүшүп, миңдеген "жакты" белгилер басылган. Көпчүлүк колдонуучулар миллиардердин жөнөкөйлүгүнө таң берсе, айрымдары катардагы эле фаст-фудду сүйгөн адамдын сүрөтү деп баалашкан.
Белгилей кетсек, Билл Гейтс 2018-жылы АКШнын кадырлуу адамдардын тизмесинде 5-орунда жайгашкан.