АКШнын секс-символу Мэрилин Монронун тутам чачы 16 миң 500 долларга сатыкка коюлду

АКШнын секс-символу, атактуу актриса Мэрилин Монронун тутам чачы аукционго коюлду. Чет элдик басылмалар сатыкка коюлган чач 35 талдан турарын жазып чыккан.

Белгилүү болгондой, америкалык "Moments in Time" аукцион үйү актрисанын портретин жана айнек идишке салынган чачын сатыкка койгон. Баштапкы баасы - 16 миң 500 доллар.

Мэрилин Монронун аукционго коюлган чачы 1959-жылы чач тарач Кеннет Баттелл тарабынан кыркылган. Кеннет Баттелл актрисанын жеке чач тарачы болуп 1958-жылдан 1962-жылга чейин иштеген. Ал жакын досторуна белгилүү актрисанын кыркылган чачтарынан белекке берген. Кеннет Баттелл 2013-жылы каза болгондон кийин анын досу Мэрилин Монронун чачын "Moments in Time" аукцион үйүнө тапшырган.

Буга чейин канадалык ырчы Жастин Бибердин тутам чачы 46 миң долларга алып баруучу Эллен Деженерес тарабынан сатылган. Ырчы тутам чачын алып баруучунун туулган күнүнө белекке берген. Ал эми Эллен Деженерес сатыктан түшкөн каражатты кайрымдуулук иштерине жумшаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Hadyja
2019-01-19 14:31:10
Бекер берем десе да,албайт болчумун.
+15
ikitaidesu
2019-01-19 14:47:42
Ошондой акчам болгондо Оштон бир бөлмө үй алып алмакмын...
+8
Pandora
2019-01-19 14:51:54
Обу жок бирөө алат да,акчасын кайсыл жака сарпташын билбей,өзүн пиар кылгысы келген.
+4
Bars88
2019-01-19 15:05:28
Чач башта турганда ыйык,кыркылгандан кийин мусор кускуну келтирет
+8
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-01-19 15:26:06
Не кылат эми аны?
+4
talas0707
2019-01-19 16:05:58
Буга караганда кыргыздын кыздары он эсе сулуу.
+7
balzaminka
2019-01-19 22:53:42
Кыркылган чачты белекке берип,аукционго койуп..эмне деген онор эми. Булардыкы кадимки эле чачпы же касиети барбы? Шумдук.
0
Atyrgul84
2019-01-21 11:11:21
Жеткен Маңкурттук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан