Вьетнамда дарыгерлер бейтапка 15 бөтөлкө сыра берип, анын өмүрүн сактап калышты

Вьетнамда дарыгерлер бейтапка 15 бөтөлкө сыра берип, анын өмүрүн сактап калышты. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Аталган өлкөдөгү ооруканалардын бирине 48 жаштагы киши келип түшкөн. Ал алкоголдук ичимдикке ууланып калгандыктан, кандагы метанол нормадан бир канча эсе көп болгон. Метанол адамдын организмине жеткенде ууга айланып, өлүмгө дуушар кыларын дарыгерлер билдирген. Мындан улам алар бейтапты өзгөчө ыкма менен дарылап, тагыраагы, сыра менен ууларды чыгарышкан. Дарылоо үчүн жалпысынан 15 бөтөлкө (ар бир бөтөлкө 0,33 литр) сыра керектелген. Мындан тышкары бейтаптын организминдеги токсиндерди чыгаруу процедуралы жасалган. Натыйжада алкоголдук ичимдикке ууланган бейтап 3 аптада айыгып, ооруканадан чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
voennyi88
2019-01-20 12:40:39
Мына сага эми баары пиво ичип кайра уланып калмак болдукко.
+1
newman
2019-01-20 12:51:25
Сийдирип чыгарганда
+7
Neizvestno777
2019-01-20 14:51:49
Ачууну ачуу басат)))
+4
Flowhive
2019-01-20 17:22:06
Алкоголь ичимдиктерин мактоо-бул туура эмес
+2
Kgda
2019-01-20 19:57:38
Запойдон чыгарыптырда так что ичпегиле ичкили ну жут жут.
+1
rususu
2019-01-21 04:22:49
Мындайды айтпагыла,ичкендер жакшы билишет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан