Нидерландыда жергиликтүү тургундарга жана конокторго 200 миңден ашуун жоогазын гүлү тартууланды

Нидерландынын борбору Амстердамда шаар тургундарына жана чет өлкөдөн келген конокторго 200 миңден ашуун жоогазын гүлү тартууланды. Мындай иш-чара жоогазын гүлүнүн улуттук күнүнө карата уюштурулганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгодой, жоогазын гүлүнө арналган майрам жыл сайын январь айынын үчүнчү ишембисинде "Tulpen Promotie Nederland" уюму тарабынан белгиленип келет. Иш-чара Амстердамдагы "Дам" борбордук аянтында өтүп, анда жоогазын гүлүнүн бир нече түрлөрү коюлган. Иш-чарага келгендер өздөрүнүн табитине жараша букет жасашкан.

Баса, быйылкы иш-чарада жоогазын гүлүнүн жаңы "Квинти Трастфул" түрү коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
maralum93
2019-01-21 02:12:18
бул жер өзү гүлдөрдүн мекенида
0
maralum93
2019-01-21 02:12:44
керемет
0
dastan_nookat
2019-01-21 18:55:42
жакшы экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан