Жогорку Кеңештин комитетинде Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө мыйзам долбоору каралат

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин комитетинде улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы депутат Экмат Байпакбаев жасайт.

Мыйзам долбоорунун максаты - Ак калпактын кыргыз элинин маданий мурасынын маанилүү элементинин кадыр-баркын жакшыртуу, аны коргоонун укуктук базасын белгилөө. "Ак калпакты колдоо жана өнүктүрүү, кеңири жайылтуу, аны республиканын маданий символу катары пайдалануу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Ошондой эле Мыйзам долбоору тарыхый мурастарды сактоого жана Ак калпакты кийип жүрүү маданияты аркылуу кыргыз мамлекетинин жана Кыргыз элинин таанымал болушун жогорулатууга багытталган", - деп жазылат мыйзам долбоордо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан