Чүй ОИИББи эс-тутумун жоготуп коюу өнөкөтү бар Казыхан Мухабаевге издөө жарыялайт

Чүй облусунун Аламүдүн РИИБи 41 жаштагы Казыхан Мухабаевге издөө жарыялайт. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта жазылгандай, ал ушул жылдын 12-январь күнү саат 17:00 чамасында төмөнкү Ала-Арчадагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Мухабаевдин бою 140-150 сантиметр, арык чырай, чачы кара, кыска кыркылган, көзү кара, кырдач мурун. Ошол күнү ал кара түстөгү баш кийим, кара түстөгү күрмө, көк түстөгү свитер, кара түстө кырында ак 3 сызыгы бар спорттук шым, бутуна кышкы бут кийим кийип жүргөн.

Өзгөчө белгилери: Мухабаевде эс-тутумун жоготуп коюу өнөкөтү бар, 2-топтогу майып, жакшы сүйлөй албайт. Сүрөттөгү адамды көргөн-билгендер болсо, 0 (312) 36-35-27, 0 (312) 36-35-23, 0 (550) 51-09-05, 0 (704) 31-25-05, 0 (550) 34-33-63 номерлерине же 102 кыска номерине кабарлап коюуну милиция өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан