Мындан ары Тажикстандын телеканалдарында тасмалардагы аял-эркектин жакын мамилесиндеги ачык эпизоддор көрсөтүлбөйт. Аталган өлкөнүн Телеберүү жана радиоуктуруу комитетинин төрагасынын орун басары Махмадшариф Бобозода мындай аракет бөтөн элдин маданиятын пропагандалоону токтотуп, улуттук баалуулуктарды сактап калууга арналганын айтканын бир катар жергиликтүү маалымат булактары жазды.
Ага ылайык, эми мамлекеттик телеканалдар тасмаларды көрсөтүүдөн мурун анда төшөк мамилесинен тартылган кадрлар болсо монтаж аркылуу кесип салат. Буга чейин көрүүчүлөрдөн да бир нече ирет мындай сунуштар түшүп келген.
Бир жыл мурун "Тажикфильм" киностудиясы өлкө аймагындагы жергиликтүү телеканалдарга чет элдик жана өздөрүндө тартылган тасмалардан уяттуу эпизоддорду кесип салууну сунуштаган.
"Интимдик мамилени телеканал аркылуу көрсөтүү биздин маданиятка туура келбестигин моюнга алуу керек. Элестетип көрсөңүздөр, бир үй-бүлө фильм көрүп жатат, ошол учурда аял-эркектин ачык эпизоддору көрсөтүлсө, кыздар атасынан уялат да, атасына ыңгайсыздык жаралат", - деген Бобозода.
Ал эми бул аракеттерге каршы оюн тажик режиссёру Искандар Усмон айтып чыккан, анын пикиринде бул интеллектуалдык менчик жөнүндөгү мыйзамга каршы келет.
"Мындай иш-аракеттен эч кандай майнап чыкпайт. Советтер Союзу кезинде ушундай иш-аракеттер көрүлсө макул болмокмун. Азыр эмне интернетте төшөктөгү мамилелер ачык эле тартылган фильмдер толтура да", - деген Усмон.