Бүгүн, 21-январда парламент комитетинде суу пайдалануу үчүн төлөм маселесин жөнгө салуучу мыйзам долбоору каралууда.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, Суу кодексин жана “Суу жөнүндө” мыйзам ченемдерин жүзөгө ашыруу алкагында иштелип чыккан.
"Долбоордун максаты суу пайдалануу үчүн төлөм маселесин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардагы коллизияларды жана кемтиктерди жоюу болуп саналат. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экономиканын бардык тармактарында суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүүнү мындан ары өрчүтүү, суу ресурстарын сактап калууга жана коргоого керек болгон финансылык каражаттарды түптөөгө багытталган. Суу кодексинде суу жаратылыш ресурсу катары пайдаланылгандыгы үчүн акы алуу көрсөтүлгөн. Бирок суу объектилерине жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы алуунун тартиби менен шарттары, суу пайдалануучуларга жеңилдиктер аныкталган эмес. Мыйзам долбоор аркылуу суу пайдалануу үчүн мамлекеттик, муниципалдык менчикте турган жаратылыш коруктары, ботаникалык бакчалар, өзгөчө коруктар, жаратылыш эстеликтери, зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу мекемелер менен уюмдар акы төлөөдөн бошотулат", - дейт министрдин орун басары.