Айыл чарба министринин орун басары жылдан жылга пайдаланылбай калган жерлер азайып жатканын айтты

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жылдан жылга пайдаланылбай калган жерлер азайып жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Өлкө аймагында 110 миң гектар жер иштетилбей келген. Азыр 62,8 гектар жер пайдаланылбай калып жатат. Жылдан жылга пайдаланылбай калган жерлер азайды. Тамчылатып сугаруу системи ишке киргенден соң иштетилбеген жерлер азайып жатат. Биздин максат пайдаланылбай калган жерлерди иштетүү болуп саналат", - дейт ал.

Учурда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде "Суу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан