Дарыгерлик менен мыйзамсыз алектенет деп камакка алынган Хашим Зайналиев бошотулду

Дарыгерлик менен мыйзамсыз алектенет деп кармалып, камакка алынган табып Хашим Зайналиев бошотулду. Маалыматты бүгүн, 21-январда анын жактоочусу SUPER.KG порталына тастыктады. Буга чейин соттук отурумдун аяктагандагы видеосу интернетке жарыяланган болчу. Анда табыптын, "буюрса, чыгабыз" дегенин угууга болот. Жактоочу Зайналиевге козголгон кылмыш ишти Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту карап, бүгүн аны камактан чыгаруу чечимин кабыл алганын билдирди.

Маалым болгондой, Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз дарыгерлик кылуу) боюнча иш козголгон. Кылмыш ишин ачууга Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазган каты негиз болгон. Жакында эле Хашим Зайналиевдин аракетин колдогон бир нече адамдан турган топ президентке, ички иштер министрине, саламаттыкты сактоо министрине, Октябрь райондук сотунун соту Кымбат Архаровага кайрылуу жолдошкон.

Хашим Зайналиев буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты жок Бишкектеги Көк-Жар конушуна жеке дарылоочу жай ачып, бир нече жылдан бери адамдарды өз алдынча дарылап келгендиктен ага кылмыш иши ачылып, бирок кайра токтотулган.

Хашим Зайналиев камактан чыгарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Jelezo
2019-01-21 12:14:55
Ким озу каалап барып дарыланып жатса оздору билетда,доктурларга алтернатива болот.
0
AIA-TOO
2019-01-21 12:44:02
Бул киши мощеник эмеспи өзү?
0
karona12
2019-01-21 13:00:48
Врачтан айла жок болуп калганда барып атышат элдер,врачтар бутту олумго даярдана бер дегенде оздору барып атса бул кишиде эмне куноо.
0
Aikaaaa
2019-01-21 13:46:04
karona12, мен именно ушу киши деп айтпайм, бирок, ооруп барган кишиге мен айыктырам деп гарантия берип сүйлөшөт. Анан үзүлбөгөн үмүт болуп, жакшы болуп кетейин дешип, сураганынын баарын беришип, дарыланып башташат
+4
asefsa
2019-01-21 13:45:43
Жакшы болуптур бошотулганы, канча элге пайдасы тийет
-1
filis
2019-01-21 14:01:42
Шарлатан деп койчу беле мындайларды.
+2
Asyl10
2019-01-21 15:38:25
Калкты дарылоого уруксатты Саламаттыкты сактоо министрлиги берет. Ал учун элдик табып болобу, эмчи-домчу болобу жогорку медициналык билими бар болуусу керек,болбосо Мыйзам боюнча элди дарылоого да, медициналык мекеме ачууга да акысы жок. Анан кандай бул киши Саламаттыкты сактоо министрлигинен уруксат албай эле Мыйзамсыз жол менен элди даарылап жатса сот бошотуп жиберди?Демек,домкраты же акчасы кучтуу окшойт.Илгертен эле кучтуу элдик табыптар болгон,бирок азыркы учурда шарлотандарда коп
+3
Snejana
2019-01-22 01:47:41
Мындай кишилерди камаш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан