Мамлекеттик цирктин кызматкерлери цирктин мурдагы башчысынын таасири тарабай жатканына нааразы болуп митингге чыгышты (видео)

Кыргыз циркинин директорунун кызмат орду бир айдан бери бош турат. Буга байланыштуу цирктин эмгек жамааты бүгүн, 21-январда Ак Үйдүн алдына митингге чыгышты. Митингде алар өздөрү сунуштап жаткан цирктин артисти Аида Акматованы гана директор кылып берүүнү талап кылышууда.

Буга чейин маалым болгондой, Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган.

Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. Анын кызматтан кетүүсүнө эмгек жамаат менен болгон пикир-келишпестик түрткү болгон. Кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылып, маселенин чоо-жайын жазганбыз.

Мамлекеттик цирктин кызматкерлери митингге чыгышты


кошулду
Цирк кызматкерлери министрлик сунуштаган директорго нааразы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан