Депутат Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысына: "Сиз боюнча көп даттануулар келип жатат"

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Алмасбек Акматов Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиев орун басарлык кызматка каалаган адамын алып келип жатканын айтты.

"Көкүмбек Жумагулович, көп жылдардан бери аталган кызматта иштейт экенсиз. Сиз боюнча көп даттануулар келип жатат. Орун басарлыгыңызга койгон жигитти жумушка киргизбей, эч ким менен сүйлөштүрбөй кетирдиңиз. Бул департамент сиздин менчик "лавочкаңызбы?" Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри дайындаган кадрды эмнеге иштетпей койдуңуз? Мурун кылмыш иши козголгон жаранды орун басарлык кызматка алып келдиңиз. Жакында эле өзүңүз 65ке толуптурсуз. Мыйзам боюнча пенсия жашында экенсиз. Анан орун басарлыгыңызга 63 жаштагы адамды койдуңуз", - дейт депутат.

Көкүмбек Таштаналиев анын орун басары сынак аркылуу өткөнүн айтты.

Депутат айрым гезиттерге департаменттеги коррупция боюнча макала чыкканын билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет тарабынан жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топту Алмасбек Акматов жетектемей болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан