Жогорку Кеңештин комитетинде дары-дармек каражаттарын сатып алууга бюджеттен чыгымдар жыл сайын көбөйүп жатканы айтылды

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин комитети "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору жөнүндө каралып жатат.

Мыйзам долбооруна ылайык, дары-дармек каражаттарын сатып алууга бюджеттен чыгымдар жыл сайын көбөйүп жатат.

Депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорлорунда Кыргыз мамлекетине кандай пайда алып келет деген гана кызыкчылык болушу керектигин айтты. “Мыйзам долбоорун карасак, Кыргыз мамлекетинде дары-дармектерге бюджеттен бөлгөн акча жыл сайын көбөйүп жатканы жазылыптыр. Бул мыйзам долбоору кабыл алынса кандай пайда болот?” - деп сурады Акаев.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастан Бекешевдин айтымында, бул мыйзам долбоору Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда кайра квалификациялоодон өткөн сапаттуу дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдар жана жабдуулар төмөн баа менен келүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыкты. “Бюджеттик каражаттарды үнөмдүү чыгымдоо жана ошол эле учурда сапаттуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу максатында мыйзам долбоорунда дары-дармектерди БУУнун уюмдары аркылуу сатып алуу методун колдонуу сунуш кылынат”, - дейт Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kechirmeni
2019-01-21 15:22:25
Ушул дары дармекти катуу козомолго алуу керек, себеби ушул иште коррупция коп, тем более бывший аптекарды министр кылып коюшту, эми озу каалагандай калчап атса керек
0
tyrgon
2019-01-21 15:56:40
Жогорку кенешке чыгымдар коп короп жатат а неге буну жазбайсынар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан