Депутат Строкова: "Кыргыз мамлекетин бир гана ак калпак менен эмес, өнүгүп жаткан өлкө катары таанышын каалайм"

"Кыргыз мамлекетин бир гана ак калпак менен эмес, өнүгүп жаткан өлкө катары таанышын каалайм" деп бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Евгения Строкова билдирди.

Учурда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында ак калпакка маданий символдун статусун берүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Строкова Кыргыз мамлекетин калпак менен эмес, өнүгүп жаткан өлкө катары тааныса деген ою бар экенин айтты. "Мен мыйзам долбооруна каршы эмесмин, колдойм. Бирок ак калпак аркылуу башка мамлекетке таанылабыз деген сөздү алып салуу керек", - дейт депутат.

Мыйзам долбоорунун максаты - кыргыз элинин маданий мурасы катары ак калпактын кадыр-баркын жакшыртуу, аны коргоонун укуктук базасын белгилөө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан