Жарандык активист Адил Турдукулов: "Азыркы өкмөттү “өз көлөкөсүнөн корккон өкмөт” деп атаса болот"

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн ишин сынга алды. Ал мурунку премьерлердин тушунда коомчулукта айтылган аттарды белгилеп "азыркы өкмөткө жаңы "түкүрүк өкмөт" деген ат коюлду. Бул атка конушуна өздөрүнүн кадамдары, адамдары себеп болду. Жаңы кодекстерди ишке киргизебиз деп булар жаңы жаңжалдарды ишке киргизип жиберди", - деди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Депутат Момбеков азыркы өкмөт "түкүрүк өкмөт" деген атка конгонун айтты. Сиз азыркы өкмөттү кандай атайт элеңиз?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.

Ал президентке да, парламентке дагы көз карандысыз өкмөт башчы келсе дейт.

“Азыркы өкмөттү “өз көлөкөсүнөн корккон өкмөт” деп атаса болот. Анткени президенттик шайлоо өттү, жаңы бийлик келди. Жаңы бийлик, анын ичинде өкмөттөн эң алгылыктуу, орчундуу, Кыргыз мамлекетинин экономикасын көтөрө турган идеяларды жана программаларды күтүп жаткан. Бирок жаңы идеялар эмес, эски идеялар ишке ашпай жаткандыгы абдан өкүнүчтүү деген ойдомун. Себеби “Жунда”, “Жер-Үй” сыяктуу ишканалар дагы деле иштебей, жумушсуздук мурдагы эле деңгээлде болуп жаткандыгы ойлондурат. Мындан тышкары экономиканын өсүшү 3,5 пайыз болгону биз күткөн жыйынтык эмес. Бул дүйнөлүк экономикадан артта калып жаткандын белгиси экенин түшүндүрөт. Ошондуктан президент парламент менен кошо жаңы өкмөттү түзүшү керек. Ал жерге президентке да, парламентке дагы көз карандысыз өкмөт башчы келсе деген үмүт болуп жатат”, - деди Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, саясий серепчилер Марат Казакбаев, Игорь Шестаков жана экономика боюнча эксперт Улукбек Кыдырбаевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан