Бүгүн, 22-январда Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан маалымдашты.
Саат 9:30дан 12:00гө чейин 5-кичи району (темир жол №80, 72/1, 73, 82, 81, 46-үйлөрүндө);
Саат 9:30дан 17:00гө чейин Юнусалиев, Жантөшев көчөлөрүндө;
Саат 09:00дөн 17:00гө чейин Асанбай кичи району (темир жол, № 21, 22, 23, 25, 27, 28, 29, 78/2, 78/3, 78/4-үйлөрүндө), Тунгуч кичи району (темир жол аймагы, №34а, 51, 54, 55, 56, 58, 72, 73, 74, 58-үйлөрүндө);
Саат 9:30дан 13:00гө чейин Заречная, Артемовская, Эркиндик бульвары, Карский тар көчөсү, Кырк-Чоро жаңы конушунда;
Саат 13:00дөн 17:00гө чейин Ак-Тилек жаңы конушу (Мажүрүм-Тал, Чалдыбар, Жерге-Тал көчөлөрүндө), Төкөлдөш (Төкөлдөш, Чынара, Менделеев көчөлөрүндө);
Саат 9:30дан 18:00гө чейин Абдумомунов, Үмөталиев, Рыскулов, Самойленко, Мостовой, Чыңгыз Айтматов кең көчөсү, Арча-Бешик жаңы конушу, Таалай, Манас көчөлөрүндө, Жети-Өгүз тар көчөсүндө;
Саат 9.30дан 17.00гө чейин Ак-Ордо жаңы конушунда (Бугу-Эне, Бар-Булак), Репин, Алыбаев көчөлөрүндө;
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Мурас-Ордо жаңы конушунун аймагында электр жарыгы өчүрүлөт.