Өткөн жумада ок атуучу куралдарды өз эрки менен тапшырган ондон ашык факты катталды

Өткөн жумада ок атуучу куралдарды өз эрки менен тапшырган ондон ашык факты катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Милиция кызматкерлери тарабынан калк арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө ок атуучу куралдарды өз эрки менен тапшырган ондон ашык факты катталды. Ала-Бука РИИБинде 2 бирдик сайсыз ок атуучу куралды тапшырган факты, Аксы РИИБинде 4 факт, Сузак РИИБинде ок атуучу куралдарды өз эрки менен тапшырган 1 факты катталган. Таш-Көмүр шаарынын тургундарынын бири 1 ок атуучу курал жана 1 өзөгү сайлуу ок атуучу курал, Базар-Коргон РИИБине 1 ок атуучу куралды өз эрки менен тапшырышкан. Ошондой эле Сокулук РИИБинде такталбаган үлгүдөгү тапанчаны өз эрки менен тапшырган 1 факты катталган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары маалыматта мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды өз эрки менен милицияга тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулары айтылат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан