Жогорку Кеңештин комитетинде дары каражаттарын БУУнун уюмдары аркылуу сатып алууга багытталган мыйзам долбоору колдоо тапкан жок

Кечээ, 21-январда Жогорку Кеңештин комитетинде дары каражаттарын БУУнун уюмдары аркылуу сатып алууга багытталган мыйзам долбоору колдоо тапкан жок.

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастан Бекешевдин айтымында, бул мыйзам долбоору Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда кайра квалификациялоодон өткөн сапаттуу дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдар жана жабдуулар төмөн баа менен келүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыкты. “Бюджеттик каражаттарды үнөмдүү чыгымдоо жана ошол эле учурда сапаттуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу максатында мыйзам долбоорунда дары-дармектерди БУУнун уюмдары аркылуу сатып алуу методун колдонуу сунуш кылынат", - дейт Бекешев.

Анын айтымында, Казакстан менен Өзбекстанда жана жалпы дүйнөнүн 85 мамлекетинде ушундай дары каражаттарын БУУнун уюмдары аркылуу сатып алуу ыкмалары колдонулат.

Бирок талкууда депутаттардын бир тобу эл аралык уюмдар аркылуу ишке ашырылган мамлекеттик сатып алууларда аудит жүргүзүп текшерүү иштерине мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан бул мыйзам долбоорун колдой албай тургандыгын айтышты.

Талкууда мыйзам долбооруна ынабаган эл өкүлдөрү ага каршы добуш беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан