Бикиничен саякаттап белгилүү болгон кыз катуу сууктан улам каза болду

"Бикиничен саякатчы" атка конгон 36 жаштагы тайвандык У Цзиюнь бийик чокуга чыгып, тоңуп каза болду. Ал Тайвандагы Юйшань чокусуна чыкканда каза болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, 11-январда У Цзиюнь адаттагыдай эле бикинисин кийип алып, Тайвандагы эң бийик Юйшань чокусун багындырууга жол тарткан. Бирок 8 күндөн кийин саякатчы кыз куткаруучуларга байланышка чыгып, 20 метр бийиктиктен кулап, өз алдынча чыгууга чамасы келбей жаткандыгын кабарлаган.

Жергиликтүү куткаруучулар 3 жолу тик учак жөнөтүүгө аракет кылышкан. Бирок жаан-чачындуу аба ырайына байланыштуу тик учак Юйшань чокусуна бара алган эмес. Жыйынтыгында кызды куткаруу үчүн альпинисттерден куралган эки топ жөнөтүлгөн. Тилекке каршы, алар саякатчы кыздын жансыз денесин табышкан. У Цзиюнь катуу сууктан улам каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал катуу суукта 40 саат жатып калган.

У Цзиюнь жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде саякатка чыгып, бикиничен сүрөткө түшүү оюндун шарты болгонун айткан. Ал достору менен оюн ойноп, жеңилип калган. Ал эми жеңилип калган оюнчу бийик тоолордун чокусуна чыгып, бикиничен сүрөткө түшүшү керек деген шарт коюлган. 4 жыл аралыгында У Цзиюнь 100гө жакын чокуга чыгып, 97 жолу сүрөткө түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
vikidiki
2019-01-22 12:28:21
Оюндан от чыгат болуптур да.
+5
i-bilim
2019-01-22 12:29:22
Обу жок аял орсок уй саайт болгон го...
+7
Nargiza1987k
2019-01-22 12:29:35
ХХХХХ десе калгандарына сабак болсун эми
+3
nurka_85
2019-01-22 12:30:49
+1
aitenir
2019-01-22 12:47:38
Атын чыкпаса тоого жылагач чык
+3
kechirmeni
2019-01-22 12:59:37
Башка бикиничендерге сабак болсун эми
+3
ruslanz
2019-01-22 13:23:45
Бикиничен тонуп жатканын элестетип кеттим.
+4
Saidochka
2019-01-22 14:08:28
Баш иштебесе буттун шору,кок мээ
+6
newman
2019-01-22 15:47:58
Бикиничен тоону эмес Бишкектин суугун багындырса болмок. Ош базардан ТЭЦке чейин жөө басып
+2
titanik32
2019-01-22 20:26:31
Бикиниңер эмнеси?
0
DNurgiza
2019-01-22 21:00:07
titanik32,купальник.
0
DNurgiza
2019-01-22 21:01:23
ЖАман болуптур, куткаруучулар бара ала турган жакка чыкпайбы, кайран жаш өмүр кыйылды.
+1
Hacker99
2019-01-22 21:49:22
Кыштын кунундо ушул керек беле эми
+1
ainura220888
2019-01-22 22:14:25
Баргыча бикини эмес кийимчен эле болсо керек барганда чечинип тушсо керек суротго купальникчен анча бийик жерге чыкбаса керек эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан