Парламент комитетинде мунапыс берүү жөнүндө мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин комитетинде "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Исхак Масалиев билдиргендей, Кыргыз мамлекетиндеги түрмө системинде ар дайым камалган адамдардын саны жогору болгондуктан мунапыс берүү түрмөдөгү орундарды бошотуу үчүн жүргүзүлүп келген, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу ушуга да багытталган.

"1991-жылы камалгандардын саны 8 400 адам, 1996-жылы 16 200 адам, 1998-жылы 21 200 адам, 2003-жылы 16 200 адам, 2008-жылы 11 400 адам, ал эми 2010-жылы 9 900, 2012-жылы 9 800, 2013 жана 2014-жылдары 10 миӊден адам болсо, 2018-жылы 11 160 адам. Түрмөгө кесилгендердин санынын өсүшүнүн себептеринин бири катары Кылмыш-жаза кодексиндеги эркинен ажыратуу мөөнөттөрү өтө эле узак экенин, ошондой эле сот системинин ар дайым жазалоочу катары иш жүргүзгөн практикасынан алуу керек", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.

Жыйынтыгында депутаттар жаңы күчүнө кирген мыйзам, кодекстерге ылайыктап мыйзам дообоорун 5-февралга чейин иштеп келүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aiymkunumjyldyzym
2019-01-22 16:38:14
Tee tigi jakka komment jazaiyn desem talkuu jabyk eken,Jonokoi adamdardy aitpai ele koioiun iw sapary mn bara turgandar ucha albai taksi mn ketti deit,Ne jonokoi adamdar adam emes beken,Kerek bolso siler joo baskanga tatyktuusunar,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан