Люксембургда коомдук транспорт каттамдары жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт. Тагыраагы, 2020-жылдын 1-мартынан тарта автобус, трамвайларда жүрүү бекер болорун чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Люксембург бийлиги муну менен унаа жолдордогу тыгындарды жоюуну алдын алуу жана экологиянын тазалыгын камсыздоо деп түшүндүргөн. Буга чейин, 2016-жылы жергиликтүү тургундар жол тыгынында 33 саат туруп калышкан.
Жылына Бельгиядан, Германиядан жана Франциядан 200дөй адам Люксембургга жумушка келип, кетип турушат. Азыркы учурда Люксембургда коомдук транспортто 2 саатка чейин жүрүү 2 еврону түзөт. Бул убакытта шаардын көп жерлерин көрүүгө болот. Ал эми 20 жашка чейинки жүргүнчүлөргө жол кире акысы төлөнбөйт.
Өлкө бийлигинин маалыматына ылайык, коомдук транспорттордо акысыз жүрүүнү толугу менен ишке ашырууга 40 миллион евро өлчөмүндөгү каражат керектелет. Бийликтин сунуштап жаткан стратегиясы ишке ашса, Люксембург дүйнөдөгү эң алгачкы жол кире акысы бекер өлкө деп аталат.