Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдон жаңы кодекстер боюнча кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын сурады.
"1-январда күчүнө кирген жаңы кодекстер боюнча интернетте сын-пикирлер айтылып жатат. Насвай чегип жерге түкүргөндө элдин ден соолугуна зыян болуп жатат. Маалымат каражаттары аркылуу кандай түшүндүрүү иштери жүрүп жатат?" - деп сурады депутат вице-премьер-министрден.
Жеңиш Разаков бул жаатта жумуштар башталганын айтып, "Жол коопсуздугу боюнча роликтер тартылды. Медиа план бекитилген. Маалымат жыйын өткөрдүк. Коомдо ар кандай ойлор айтылып жатат. Айрымдар айып пул көп десе, кээ бирлери дагы көбөйтүш керек деп айтышууда", - деди.
Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бириктирилген жыйыны өтүүдө. Анда жаңы кодекстер жана мыйзамдар тууралуу маалымат угулууда.