Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутаттар жаңы кодекстер боюнча өкмөттүн маалыматын бир аптадан кийин угууну сунушташты.
Анда депутат Мирлан Жээнчороев бир жарым жылда даярданбаган өкмөт бир аптада кантип даярданып бүтмөк эле деген пикирин айтты.
"Бир жарым жыл мурун ушул кодекстер боюнча өкмөткө атайын тапшырма берилген. Маалыматты угууну дагы бир аптага жылдырсак бир нерсе өзгөрөбү? Өкмөттүн жалтактыгы, парламенттин жалтактыгы ушуга алып келди. Бул кодекстер концепциясы боюнча 2018-жылы күчүнө кириши керек эле. Келишпестиктер болгон үчүн иштеп чыгууга 2019-жылы жылдырылган. Тийиштүү адамдарга чаралар көрүлүшү зарыл. Вице-премьер-министрлер "элге түшүндүрүү иштерин жүргүзө алган жокпуз, моралдык укугум жок" деп кызматтарын таштап кетиши шарт", - дейт Жээнчороев.
Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бириктирилген жыйыны өтүүдө. Анда жаңы кодекстер жана мыйзамдар тууралуу маалымат угулууда.