Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айрым депутаттар жаңы кодекстер боюнча өкмөттүн маалыматын бир аптадан кийин угууну сунушташты.
Депутат Аалы Карашев бул сунушту колдой турганын айтты. "Эки комитет чогулуп ушул маселени карап жатабыз. Бул жерге өкмөттүн тийиштүү министри, прокурору келип койгонго жараган жок. Ошондуктан кийинкиде жетекчилер өздөрү келип жооп беришсин, келишпесе кетириш керек. Маалыматты бир жумадан кийин угалы деген сунушту колдойм", - дейт Карашев.
Жыйынтыгында айрым депутаттардын өкмөттүн маалыматын бир аптадан кийин угуу сунушу колдоо тапкан жок.
Буга чейин жыйында эл өкүлдөрү жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин келбегенине нааразы болушкан.
Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бириктирилген жыйыны өтүүдө. Анда жаңы кодекстер жана мыйзамдар тууралуу маалымат угулууда.