Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жаңы кодекстер боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.
Анда депутат Алмамбет Шыкмаматов бул маселе парламенттин жалпы жыйынында каралганда премьер-министр, башкы прокурор, Жогорку Соттун төрайымы өздөрү келиши керектигин айтты.
"5 кодекс, 2 мыйзам мамлекетке кандай таасир эте турганын билбей, сезбей жаткандайбыз. Жоопкерчилик жоктой, кайдыгер мамиле кылып жаткандай болуп жатабыз. Бүгүнкү күндө кемчилик кеткен маселеге бардыгыбыздын тиешебиз бар. Эксперттер жазды, мурдагы президент жетектеди, кол койду. Парламент 3-окуудан кабыл алып берди. Түкүрүк боюнча депутат Дастан Бекешев сунуш кылып, өткөрүп аты өкмөткө калды. Бул "кашага" бардыгыбыздын жоопкерчилигибиз бар. Бул маселе боюнча бири-бирибизди күнөөлөбөй, мындан чогуу чыгуунун жолун издейли", - дейт депутат.
Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бириктирилген жыйыны өтүүдө. Анда жаңы кодекстер жана мыйзамдар тууралуу маалымат угулууда.