Баткенде алгачкы ирет канды жасалма айлантуу ыкмасы менен жүрөккө операция жасалды

Баткен облусунун Исфана шаарында алгачкы ирет канды жасалма айлантуу ыкмасы менен жүрөк кемтигине операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан бүгүн, 22-январда кабарлашты. Маалым болгондой, операцияны Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө борборунун кызматкерлери жасашкан.

Андан сырткары аталган борбордун кызматкерлери 120 адамды текшерүүдөн өткөрүшкөн. Алардын 40ы улуу адамдар болсо, 80и жаш балдар.

Ошондой эле борбордун кызматкерлери жакынкы арада өлкөнүн башка аймактарында дагы жүрөккө операция жасоону пландап жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mirbek2211
2019-01-22 16:52:23
Оо жакшы кабар, ишинерге ийгилик анда!
+7
Benazir08
2019-01-22 17:50:53
Жакшы жөрөлгө
+6
erikkarakulja
2019-01-22 18:34:48
боор боюнча операцияны онуктургулочу эн орчундуу маселе болуп бара жатат. Ишинерге ийгилик!!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан