24-январда "Ала-Тоо" аянтында футбол боюнча Кыргыз курама командасынын катышуусунда концерт болот

24-январда саат 15:00дө "Ала-Тоо" аянтында футбол боюнча Кыргыз курама командасынын катышуусунда чоң концерт болот. Футболчуларды тосуп алууга арналган концертке өкмөт өкүлдөрү да катышат. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз курама командасынын оюнчулары 24-январда таңкы саат 5те Кыргыз жерине учуп келишет.

"Аэропортко баруу футбол күйөрмандары үчүн ыңгайсыз болушу ыктымал. Каалоочулар көп, бирок аэропорт жабык объект болгондуктан бардык күйөрмандар менен жолугушууну борбордук аянтта өткөрүү чечими кабыл алынды. Футбол сүйүүчүлөрүн "Ала-Тоо" аянтында күтөбүз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aerforce
2019-01-22 21:20:18
жакшы жаңылык аэропортто эле жакшы тосуп алыш керек тар болсода
+4
interpol
2019-01-22 23:41:15
Менден сунуш
Ошол концертти Дөлөн Өмүрзаков стадиондо кылса соонун болмок. Ак шумкарлар татыктуу ойношту. Биз жеңдик, рахмат силерге жигиттер. Мейли мелдештен четтедик бирок биз үчүн жеңишти камсыз кылгандай эле болдуңар.
+7
Aibek0002
2019-01-23 00:05:44
Эми АК ШУМКАРларды сүйүнтүп жакшылап тосуп алалы эл канча көп болсо алар ошончо сүйүнүп калышат келгиле баарыңар сый урматыбызды ыраазычылыгыбызды билдирели
+6
Modric10
2019-01-23 12:33:01
Биздин жигиттер мекенинерге куш келдинер.жениш менен келдинер силерге ыраазычылык.
Кыргыз эли силерди чыдамсыздык менен кутушту
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан