Парламентте бийик тоолуу аймактын социалдык маселелери талкууланды

КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай районунун жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Алай районунун акими Замирбек Молдокулов Ак-Кочкор, Кызыл-Алай, Чоӊ-Каракол айыл аймактарындагы көйгөйлүү делген маселелерди тизмектеди. Анын айтымында, таза суу чыгаруу үчүн республикалык бюджеттен Ак-Кочкор айылына 1 миллион 500 миң сом, ал эми Кызыл-Алай айылына 1 миллион 300 миӊ сом акча каражаты бөлүнгөн. Тилекке каршы, бул иш аягына чыкпай калган. Андан тышкары, Чоӊ-Каракол айылында сугат суу жетпегендигинен улам 35 гектар жер тилкеси иштетилбей жатат. Андыктан, алар суу чыгаруучу насоско муктаж. Ошондой эле Кызыл-Алай айылына бала бакча куруп берүү өтүнүчү айтылды.

Жолугушууга катышкан аткаруу бийлигинин тармактык мекемелеринин өкүлдөрү айтылган көйгөйлөрдүн чечилиш жолдорун белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан