Бишкекте 7 ымыркай сатканы аныкталып, камакка алынган медицина кызматкерлеринин кылмыш иши боюнча 3-соттук отурум дайындалды. Буга чейинки эки сот отурумдары жылдырылган. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда SUPER.KG порталына Жогорку Соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-февралда бул кылмыш иши боюнча үчүнчү соттук отурум өтмөкчү.
"Кылмыш иши тергелип бүтүп, 2018-жылдын 3-декабрында сотко өткөрүлгөн. Биринчи соттук отурум 27-декабрга дайындалган. Бирок ишти карай турган судья ооруп калгандыгына байланыштуу башка күнгө жылдырылган. Экинчи соттук отурум 18-январга дайындалып, анда жактоочу келбей калганына байланыштуу кийинки сот отуруму 1-февралга жылдырылды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектелип кармалган кызматкерлер 7 ымыркайды сатканы аныкталган. Учурда бул иш боюнча 7 адам айыпталууда", - деп билдирди Жогорку Соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева.
Белгилүү болгондой, буга чейин кылмышка шектелген Э.Чудубаева аттуу гинеколог ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Милиция кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 7-сентябрында бала сатууга шектелип Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору кармалган. Бала сатууга шектелип кармалгандар - №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 1 гинекологу, №18-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 гинекологу, дагы экөө Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринин кызматкерлери экени айтылган.
Буга чейин бала сатууга шектелип кармалган медицина кызматкерлерине "адам сатуу", "жасалма документ жасоо", "мыйзамсыз аборт жасоо" беренелери менен кылмыш иштери козголгон.