Интернет таратуучу "Акнет" компаниясы тарабынан мыйзам бузуулар болгону аныкталып, компания мамлекетке келтирген чыгымдын ордун толтуруп берди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан кабарлашты. Учурда аталган компания жумушун штаттык режимде улантып жатат.
"Акнет" компаниясына карата мурун козголгон кылмыш иштин алкагында салыктык документтер текшерилип, айрым мыйзам бузуулар болгону аныкталды. Анын негизинде компания келтирилген чыгымдын ордун толтуруу үчүн мамлекетке 150 миллион сом төлөп берди. Кылмыш ишти объективдүү изилдөөгө багытталган бардык зарыл тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө иш-чаралары калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын ишине жана сапатына эч кандай таасир этпейт. Учурда компаниянын жумушу штаттык режимде улантылууда", - деп айтылат маалыматта.
2018-жылдын 22-ноябрында "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын иши үзгүлтүккө учурап, ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган. Кийин интернетте "Акнет" компаниясында рейдерлик басып алуу болгону сыналгынын экранынан көрүнүп жаткан сүрөттөр жарыяланган болчу. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы компаниянын жетекчисине козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.