ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Кужур айылында каттоодо жок малды мыйзамсыз каттап, сатыкка чыгарышат" дейт окурман

Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Кара-Кужур айыл өкмөтүндө мыйзамсыз иштер жасалат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн мал доктуру башка эле айыл өкмөттүн малын биздин айылдагы бир адамга каттатып, анан малды "соо" деп сатыкка чыгарууга уруксат берип жатат. Биздин айылдын салык багытындагы кызматкери башка айыл өкмөттүн малын өзүнүн наамына жаздырып, базарга сатыкка чыгарып жаткан жеринен күбө болдук. Ал окуяга айыл башчы да катышкан. Мал өзү Миң-Булак айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон. Бирок чарба китептен каратсак, ал эч кимдин каттоосунда жок болуп чыкты. Сатыкка чыгарылчу мал Миң-Булак айыл өкмөтүнүн да каттоосунда турбагандыктан ал жактын айыл башчысы "мал каттоодо жок" деп маалым кат жазып бербей коюптур. Ал эми биздин айылдыкы болсо минтип мыйзамсыз каттап берип коюп, сатыкка чыгартып жатат. Сатыкка чыгып жаткан мал 10 баш топоз болчу. Ал эч кимдин чарба китебине катталбаган, ортодогу мыйзамсыз мал. Каттоого алынбаса ага салык төлөнбөйт да. Мына ушинтип ортодо мамлекетке зыян келтиришет", - дейт окурман.

Кабар жиберген окурмандын айтымында, айылдык ветеринарга мыйзамсыз каттоо жүргүзүп жатканын эскертишсе, "салык кызматкерин сыйлайм, ал суранып келип жатат, жок дей албайм" деп койгон. Окурман мындай жол менен малдын оору же соо экени текшерилбей деле сатыкка чыгып кетиши мүмкүн деди.

"Анткени кайсы бир адамдын чарба китебинде каттоодо жок малга талаптагыдай ветеринардык көзөмөл жүргүзүлбөйт. Ошол себептен малды сатуу да кооптуу", - деп кошумчалады окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ruslanz
2019-01-23 12:38:46
Бир эле силерде бекен,олко б-ча ушундай корунуш.Акчага баарын кылып атышат,мал уурдалбаганбы,вакцинация болгонбу сурап дагы коюшпайт,бирка басып справка берип коет.
0
adiaza
2019-01-23 16:52:48
Базарда дагы эттерди текшербей эле печать кое беришет, ал эт каяктан келди текшерилгенби жокпу баарибир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан