Бишкек шаарынын 34 жаштагы Эдилбек Садыков аттуу тургуну 4 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө

Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну Эдилбек Садыков дайынсыз болуп изделүүдө. Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдагандай, изделип жаткан жаран 15-январдан бери дайынсыз болууда.

Садыков Эдилбек Сулайманович 1984-жылы туулган. Ал 15-январь күнү Көк-Жар конушундагы үйүнөн жумушка барам деп чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 170 сантиметр, чачы кара түстө, кой көз, арык-чырай.

Кийген кийимдери: кара түстөгү күрмө, кочкул көк түстөгү жынсы шым, бутунда берцы.

Эгерде изделип жаткан жаран тууралуу көрүп-билгендер болсо, анда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө төмөндөгү номерлер аркылуу кабарласаңыздар болот: 0 (312) 544 116, 0 (312) 544 184, 0 (550) 102 853, 0 (555) 011 717 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан