Орусияда 37 жаштагы кыргыз аялдын жакындары изделүүдө. Ал эс-тутумун жоготуп, реабилитациялык борбордо жатат

Кубан Абылкасымов аттуу Кыргыз жараны 37 жаштагы кыргыз аялдын сүрөтүн интернетке жарыялап, жакындарын табууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Абылкасымовдун айтымында, сүрөттөгү аял Орусиянын жараны. Паспортунда аты-жөнү Абдылдаева Гүлнура Сүйөркуловна деп жазылган.

"Ал жол кырсыгына кабылып, эс-тутумун жоготуптур. Өзү кыргыз экен. Азыр Москва облусундагы Дзержинский деген шаарындагы реабилитациялык борбордо жатат. Кимдир бирөө ал келин тууралуу маалыматтарга ээ болсо, мага жиберип коюусун өтүнөм. Учурда маалыматтар келе баштады", - деди Абылкасымов.

Кубан Абылкасымовдун байланыш номуру +7 968 465-48-85.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bayastankyrgyz
2019-01-23 14:53:11
Табылып калсын...
+7
faraon312
2019-01-24 02:07:37
Кайран кыргыздар ай... Эртерээк сакайып, өзүнө келсе экен...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан