Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында канча кызматкер иштей турганын сурады.
Инспекциянын директору Жолдошбек Жунушевдин айтымында, мекемеде жалпы 850 кызматкер иштейт.
Мындан сырткары депутат директордон мекеменин бир жылдык бюджети канча экенин да сурады.
Жунушев бул боюнча жазуу түрүндө жооп бере турганын билдирди.
Депутат: “Жазуу түрүндө жооп бербей эле коюңуз. Мекеменин бир жылдык бюджети канча экенин директор болуп туруп билбейсизби? Бир жылдык бюджетиңер 275 миллион сом”, - деди.