Кытайда блоггер кыз ийгиликсиз жасалган пластикалык операциядан улам өз жанын кыйды

Кытайдын чыгыш тарабында жайгашкан Аньхой провинциясынын 23 жаштагы тургуну ийгиликсиз жасалган пластикалык операциядан улам өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, каза болгон кыз социалдык тармактарда Лю аттуу лакап аты менен белгилүү. 2018-жылы Лю жеке баракчасындагы катталуучуларынын санын көбөйтүү максатында келбетин өзгөртүүнү чечкен. Операция ийгиликсиз өткөндүктөн ал үйүнөн чыкпай калган, анысы аз келгенсип, жигити да таштап кеткен. Мындан улам Лю өз жанын кыйган.

Буга чейин Лю өз жанын кыярдан 1 күн мурун аны күйүп жаткан имараттын 18-кабатынан куткарышкан. Куткаруу учурунда ал жүзүн колу менен бекитип, аны бирөө-жарым көрүүсүн каалабаганын айтып кыйкырган. Блоггер кыз буга чейин эле бир нече ирет өз жанын кыюуга аракет кылгандыгы маалым болду.

Учурда Кытайда пластикалык операцияга кайрылгандардын саны өсүүдө. Муну алар калктын кирешесинин өскөндүгү менен жана социалдык тармактардагы идеалдуу келбеттин таасиринен улам деп айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Anaraalieva
2019-01-23 16:01:36
Биз кытай нижалько
+16
adi_ko.kg
2019-01-23 16:54:16
кыргыз окшойт десе
+1
naida81
2019-01-23 16:54:40
ХХХХХ калсанар экен, тиги футбол калыс менен чогуу
+9
NIkalike
2019-01-23 18:08:52
Кытайлардан улгу алып болбойт.
+3
bond02
2019-01-23 20:04:16
Ошенткилечи кытайлар.
+9
Mambetali
2019-01-23 20:11:43
Бироого олум тилегиче озуно омур тиле дейтго кыргызда...
+5
AIA-TOO
2019-01-24 00:42:48
Каапыр Кытайларга боло берет эмне кылышсада, главный азайышса болгону)).
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан