Кыргыз-Казак чек арасында бир адам чек арачылардын огунан каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, окуя бүгүн, 23-январда Талас облусундагы Манас районунун аймагында болду.
"Үч белгисиз адам Манас районундагы Жайылган аймагынан 10-15 жылкыны Казакстандын аймагына чек ара аркылуу мыйзамсыз айдап өтүп баратканы аныкталган. Ал жерге чек арачылар жетип келип, аларды кармоо аракетин көрүшкөн. Бирок алар чек арачыларга каршылык көрсөтүшкөн. Колдорунда бычак болгон. Каршылыкты токтотуу үчүн чек арачылар эскертүү иретинде асманга карай ок чыгарышкан. Үч адам эскертүү берилгенине карабай каршылык кылууну токтотушкан эмес. Мындан улам чек арачылар алар тарапка карай ок чыгарууга аргасыз болгон. Жыйынтыгында каршылык көрсөткөндөрдүн бири октон жаракат алып, калган экөө Казакстандын аймагына качып өткөн. Ал эми октон жаракат алган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп жатканда ал каза болуп калган", - деп кабарлашты Мамлекеттик чек ара кызматынан.
Учурда окуя тууралуу Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын тийиштүү органдарына кабар берилип, териштирүү жана издөө иштери башталды.