Германиянын канцлери менен Япониянын премьеринин Атамбаевди Жаңы жылы менен куттуктаган каты экс-президентке кеч берилгени талкуу жаратты

Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ экс-президент Алмазбек Атамбаевди Жаңы жылы менен куттукташты.

Куттуктоо телеграммасы экс-президентке 23-январда берилгенин КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева жарыялады. Анда кат 2018-жылдын декабрь айында жазылганын көрүүгө болот.

"Куттуктоолор президенттик аппарат же Тышкы иштер министрлигине келип түшсө керек. Бирок бүгүн гана кат алуучуга жетти. Конвертте Кыргыздын Тышкы иштер министрлигинен коштомо кат да бар экен", - деп жазат Жолдубаева.

Куттуктоолордун экс-президентке кечиктирилип берилгени коомчулукта талкуу жаратты.

Интернет колдонуучулары "немистер менен япондор убакытка аябай так келишет, Меркель менен Абэнин куттуктоо телеграммасы 2019-жылдын 1-январына чейин эле Кыргыз мамлекетине келери шексиз. Андан кийин кимдир бирөө аны бир нече жолу окуп, текшерип, Ак Үйдүн 7 кабатын жүрөгүнө кысып отурса керек. Президенттик аппараттан Атамбаевдин дарегине кат 20 күндөн ашык убакытта келип жетти. Чет өлкөлүк саясатчылардын берген тапшырмаларынын натыйжасы кандай болгонун текшерүү адаты болбосо кат дарегине жетпей калышы деле мүмкүн эле" деген билдирүүлөрдү калтырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhykyo
2019-01-24 11:10:31
Кагазго
0
elebes86
2019-01-24 11:25:01
Муну атайын Жээнюековтор уюштурушту.
+5
bond02
2019-01-24 11:41:54
Аманатты убагында берип жургуло президент болобу дыйкан болобу.
+8
Dembele84
2019-01-24 13:05:24
Бир сыйра баары бирден окуп чыгып,берсекпи бербесекпи деп атып ушунча кун отуп кетиптир да )))
+3
talas0707
2019-01-24 14:48:27
Бул деген азыркы бийликти чет мамлекеттер ( не признает) болуптурда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан