Депутат Турускулов арзан турак жай программасы жакшы жыйынтык бербей жатканын айтты

Депутат Жыргалбек Турускулов арзан турак жай программасы жакшы жыйынтык бербей жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кыргыз өкмөтү мындан 4 жыл мурун арзан турак жай программасын кабыл алган. Тилекке каршы, жыйынтык жакшы эмес. Бул программанын негизинде дарыгерлер, маданият кызматкерлери, мугалимдер арзан турак жай менен камсыз болот деп ойлогонбуз. Андай болбой жатат. 2017-жылы 1 732 жаран турак жай менен камсыз болуптур. 2018-жылы 1 362 жаран үй менен камсыз болду деп жатат. Бул статистика менен карасак, Кыргыз мамлекетинде жарандар арзан турак жай менен камсыз болуп, ошон үчүн саны азайып жатат дегенди билдирет. Мага көптөгөн каттар түшүп жатат. Программа көптөргө түшүнүксүз болуп жатыптыр. Өкмөт ипотека компаниясы боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Шарттарын жеңилдетүү зарыл. Ушул маселени өкмөт тез арада карап чыгуусу шарт", - дейт Турускулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан