Депутат Турсунбеков Киев көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин атын берүүнү сунуштады

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков Киев көчөсүнө мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин атын берүүнү сунуштады.

"Өткөн жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүп алдык. Быйыл Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси турат. Анын убагында экономика 2 эсе өскөнүн жакшы билебиз. Мамлекеттин өнүгүшүнө анын эмгеги чоң. Өкмөт даярдыктарды көрүшү керек. Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө, Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнө Усубалиевдин атын берүүнү сунуштайм", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Akshumkar
2019-01-24 10:18:52
Эн туура
+6
Take_men
2019-01-24 11:41:05
Барсбек каган же Алымбек датка койуш керек
0
saint-Petersburg
2019-01-24 12:12:00
Раззаковко кылган чыккынчылыгы учун татыксыз
+1
Muratmipa
2019-01-24 12:19:32
Эми ошону шылтоо кылып дагы канчалаган аксаларды жеп тыныш керек болуп жатат андан башка проблема жок болуп жаткансып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан