Депутат футбол боюнча курама команданын башкы машыктыруучусун мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү сунуштады

Депутат Тазабек Икрамов футбол боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кыргыз мамлекетинин тарыхында алгачкы жолу өлкөбүздүн футбол боюнча курама командасы Азия Кубогуна катышып, мыкты ийгиликке жетишти. Курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүш керек. Кыргыз өлкөсүндө спорттун көп түрлөрү өнүгүп жатат. Заманбап стадион куруу үчүн ордо калаанын чет жакасынан жер бөлүнүп берилсе жакшы болот эле", - деди депутат.

Футбол боюнча Кыргыз курамасынын машыктыруучусуна мамлекеттик сыйлык берүү сунушталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
BekAmir
2019-01-24 11:00:50
Туура адамдын эмгегин баалоо керек
+6
Altyn2017
2019-01-24 11:06:27
эн туүра сунуш менда колдоймун
+6
Alinur96kg
2019-01-24 13:44:58
Мен дагы колдойм.
+1
rysik79
2019-01-24 14:29:42
Туптуура!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан