Парламентте Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо иштери жакшы жүрбөй жатканы айтылды

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо иштери жакшы жүрбөй жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Эгерде иш ушундай жүрө турган болсо, оңдоо иштери бүтпөйт. Бул маселени көзөмөлгө алуу керек. Азыр кышында даярдыктарды көрүп, жазында асфальт төшөө керек”, - деди ал.

Маалыматка ылайык, жол Азия өнүктүрүү банкынын каражатынын эсебинен курулуп, 2020-жылдын аягында бүтүрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан