Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жасала турган иш-чаралардын 30 пайызы да аткарылбаганын айтты.
"Өкмөт өлкөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына өзгөчө көӊүл бурушу керек. "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатынын алкагында жасала турган иш-чаралардын 30 пайызы да аткарылган жок. Ошондуктан жумушчу топ түзүп, мыйзамдардын аткарылышы жаатында кетирилген кемчиликтерди талдап чыгып, өз сунуштамаларын бериши зарыл. Коӊшу Казакстандын тажрыйбасын карагылачы, казактар мамлекеттик тилин жогорку деӊгээлге чыгарып алышты. Бул багытта кайра курумдар ишке ашырылып жатат.
Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди А2 жана Б1 деӊгээлинде билүүгө тийиш. Бул багытта кандай иштер жасалып жатканы белгисиз", - деди депутат.