"Meizu" компаниясы бир да тешиги жок телефондорду иштеп чыгып, анын видео жана сүрөттөрүн таратты. Тактап айтканда, аталган смартфондордун кубаттандыргычын сая турган жери, кулакчынды кошо турган тешиги жана SIM-карта сала турган да уячасы жок. Мындай билдирүүнү чет элдик маалымат булактары компаниянын тараткан билдирүүсүнө таяп жазды.
Смартфондун негизги баскычы да жок жасалган, анын ордуна виртуалдык ишарат менен башкарылат. Бир да тешиги жок болгондуктан, телефонго суу кирбейт.
Белгилүү болгондой, телефон өзү менен кошо даярдалган атайын кубаттагыч менен кубаттандырылат. Ал үчүн телефонду кубаттагычтын үстүнө коюп коюу гана жетиштүү. Ал эми музыка жана аудио файлдарды угуп, видео көрүү үчүн кулакчын Bluetooth'дун жардамы менен иштейт.
Компания телефонду иштеп чыгуу үчүн 2 жыл короткон. Азырынча смартфон качан сатыкка чыгары жана кандай баада сатылары белгисиз.