Бүгүн, 24-январда Кыргыз циркинин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалып, эмгек жамаат менен тааныштырылды. Бирок анын директор болушуна 35 артист каршы чыгып, жумуштан кетүүгө арыз жазышкан. Бүгүн арыз жазгандардын баары жумушка чыкпай койгонун SUPER.KG'ге циркте эмгектенген Бегалы Мурзалиев кабарлады. Анын айтымында, Бекманбетов жалпы жамаатка тааныштырылган жок.
"Өзүбүз сунуштаган Аида Акматованы директор кылып бергиле деп бир айдан ашык убакыттан бери чуркап жүрдүк. Бекманбетов өзү да буга чейин "кыздын кырк чачы улуу, мен барбай эле коёюн, өзүңөр сунуштаган адам дайындала берсин" деген сөздөрүн айткан. Бүгүн эми Фархат Бекманбетов өзү дайындалып отурат. Министр Азамат Жаманкуловдун да, Бекманбетовдун да бул кылганын түшүнө албай жатабыз. Эми артыбызда келаткан жаш артисттердин бетин кантип карайбыз?! Ошон үчүн кечээ 35 артист жумуштан кетүү тууралуу Жаманкуловдун өзүнө арыз жазып бергенбиз. Мына бүгүн жумушка чыкпай койдук. Бекманбетов жалпы эмгек жамаат менен эмес, техникалык адистерге тааныштырылды. Аны менен иштешкенден көрө базарга барып араба түрткөнүбүз оң болуп турат", - деди Мурзалиев.
Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган. Бирок эмгек жамаат Аида Акматованын гана дайындалышын талап кылып Ак Үй алдына митингге чыгышкан.
Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. Анын кызматтан кетүүсүнө эмгек жамаат менен болгон пикир-келишпестик түрткү болгон. Кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылган. Биз маселенин чоо-жайын жазганбыз.