Саясат тануучу Орозбек Молдалиев: "Парламенттин мурунку чакырылышына караганда азыркы чакырылышы пассивдүүрөөк болуп жатат”

Жыл башынан эле өлкөдө буга чейин актуалдуу болуп келген орчундуу көйгөйлөр көзгө урунду. Миграция маселеси, үй-бүлөдөгү балдарга карата зомбулук, жумушсуздук. Жаңы кодекстердин ишке кириши кабыл алынган мыйзамдар чийки экенине далил болду. Өкмөт менен парламенттин ишин сындагандар көп. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков үн каткан жок.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекетти президент башкарып жатканы жашыруун эмес. Өлкөдөгү маселелер үчүн парламент менен өкмөттү күнөөлөгөн канчалык туура?" деген соболуна саясат тануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

Ал парламент өкмөттү күнөөлөгөнгө аракет кылып, өкмөт парламент кабыл алып берген деген жагдай жаралганын айтты.

“Мамлекетти президент өзүнө тиешелүү маселелер боюнча башкарышы керек. Себеби бизде толук парламенттик мамлекет эмес да, президенттик-парламенттик башкаруу болуп жатпайбы. Парламенттин мурунку 5-чакырылышына караганда азыркы чакырылышы пассивдүүрөөк болуп жатат.
Мисалы, 5-чакырылышта кабыл алынган мыйзамдардын ишке киргизилиши боюнча, айрым мыйзамдардын кабыл алынгандан кийин кайра кайтарылышы боюнча парламенттин начар иштеп жатканын көрсөтүп жатпайбы. Парламент өкмөттү күнөөлөгөнгө аракет кылып, өкмөт парламент кабыл алып берген деген жагдай жаралды. Албетте, мындай эки тарапта болуп жатканда жагдайды өлкө башчы колуна алууга туура келет. Бирок азыркы парламентте оппозиция жок болуп жатат, бир аз шалаакыраак иштеп жаткандарынын себеби ошондо. Түрткүлөгөн фракциялар жок болуп, конструктивдүү оппозиция да жок болууда”, - дейт Молдалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Абдывахап Нурбаев, саясатчы Адахан Мадумаров, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясий серепчи Нурсултан Акылбек жана коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан