Жыл башынан эле өлкөдө буга чейин актуалдуу болуп келген орчундуу көйгөйлөр көзгө урунду. Миграция маселеси, үй-бүлөдөгү балдарга карата зомбулук, жумушсуздук. Жаңы кодекстердин ишке кириши кабыл алынган мыйзамдар чийки экенине далил болду. Өкмөт менен парламенттин ишин сындагандар көп. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков үн каткан жок.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекетти президент башкарып жатканы жашыруун эмес. Өлкөдөгү маселелер үчүн парламент менен өкмөттү күнөөлөгөн канчалык туура?" деген соболуна саясий ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.
Ал парламенттик башкарууга өттүк деп 6 жыл жар салганы менен, парламенттик башкарууга өтө алган жок деп айтты.
“Эгерде парламент менен өкмөт Конституцияда жазылган өздөрүнүн бийликтерин алып, милдеттерин аткара албаса, ким күнөөлүү? Эгерде баштары иштесе, намыстары болсо Жогорку Кеңеште жанагы мыйзамды кабыл албайт болчу. Ал президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жөнүндө болгон сөз, бул Атамбаевдин учурунда кабыл алынган. Кийин өзүнө тиешелүү нерсенин баарын башкы министр алыш керек эле. Ага Жогорку Кеңеш жардам бериши керек болчу. Анын ордуна Жогорку Кеңеш президент “А” десе “А” деп, “Б” десе “Б” деп коюп отурушат. Мунусун биз көрбөдүкпү, Сапар Исаковду мурунку күнү мактап туруп, эртеси күнү каматканга уруксат берип коюшту. Анан бул эмне деген парламент? Кеп президентте эмес, тиги экөөндө болууда. Алар иштей албай жатса, анан жоопкерчиликти президент өзүнө алат да. Аны жалпы эл шайлаган, ал мына ушуга таянып жатат, ага ыйгарым укук берилген. Парламенттик башкарууга өттүк деп 6 жыл жар салганыбыз менен, парламенттик башкарууга өтө алган жокпуз. Азыр болгону парламенттик башкаруунун пародиясы болууда”, - дейт Чолпонбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Абдывахап Нурбаев, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясат тануучу Орозбек Молдалиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбек жана коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин пикири бул шилтемеде.