Коомдук ишмер Эмил Үмөталиев: "Конкреттүү адамдарды конкреттүү кемчиликтери үчүн сындаш керек"

Жыл башынан эле өлкөдө буга чейин актуалдуу болуп келген орчундуу көйгөйлөр көзгө урунду. Миграция маселеси, үй-бүлөдөгү балдарга карата зомбулук, жумушсуздук. Жаңы кодекстердин ишке кириши кабыл алынган мыйзамдар чийки экенине далил болду. Өкмөт менен парламенттин ишин сындагандар көп. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков үн каткан жок.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекетти президент башкарып жатканы жашыруун эмес. Өлкөдөгү маселелер үчүн парламент менен өкмөттү күнөөлөгөн канчалык туура?" деген соболуна коомдук ишмер Эмил Үмөталиев жооп берди.

Ал парламентти жамандап, иштебей жатат, кыскартуу керек деген алдануу экенин айтты.

“Конкреттүү адамдарды конкреттүү кемчиликтери үчүн сындаш керек. Кеп күнөөлөгөндө эмес, кеп сындаганда. Кеп элдин кызыкчылыгына тиешелүү маселелерди караштырганда. Жалпысынан Парламент институтун күнөөлөгөн болбойт. Себеби биз демократияны курабыз деп макулдашканбыз. Демократиянын негизги курамы - бул парламент, ошол себептен парламентаризмди курабыз деп сүйлөшкөнбүз. Бирок айрым күчтөр кайра артка тартып, кайра эле президенттик күчкө таянуу, президенттик мамлекет куруу керек дегендер жанданып жатат. Ошолорго алданбашыбыз зарыл. Парламенттин ичиндеги кээ бир саясатчылардын каталарын же элге каршы иштеген иштерин сөзсүз түрдө ачыкка чыгаруу керек. Бирок парламентти жамандоо - бул тоталитаризмдин отуна май тамызуу. Ошол себептен парламентти жамандап, иштебей жатат, кыскартуу керек деген бул алдануу жана тоталитардык күчтөрдүн аракетине ээрчип кетүү. Биз парламентаризмди коргошубуз керек”, - деди Үмөталиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Абдывахап Нурбаев, саясатчы Адахан Мадумаров, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясат тануучу Орозбек Молдалиев жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан